Ала-Tоо кыргызча форуму

Урматтуу мекендештер!
Форумга катталып кана койбостон, тема ачып, ой-пикирлерди, суроолорду жана башкаларды жазып тургула!
Ала-Tоо кыргызча форуму

    Темир Сариев “Кумтөр” боюнча

    Поделиться
    avatar
    Admin
    Admin

    Сообщения : 7
    Дата регистрации : 2013-01-23
    Откуда : Бишкек

    Темир Сариев “Кумтөр” боюнча

    Сообщение автор Admin в Вт Янв 29, 2013 1:37 am

    Темир Сариев: “2009-жылы Максим Бакиев эч бир кызматта иштебей туруп “Центерра Голд Инк” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн
    Бишкек, 28-январь /Махабат Момуналиева - Кабар/.

    2009-жылы “Кумтөр” боюнча “Центерра Голд Инк” компаниясы менен келишимдерди түзүүдө сүйлөшүүлөрдү Максим Бакиев жүргүзгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында “Кумтөр” ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы, экономика министри Темир Сариев билдирди.
    Анын айтымында, 2009-жылы Максим Бакиев эч бир кызматта иштебей туруп сүйлөшүү жүргүзгөндүгү, мыйзамсыз болгон. “Келишим түзүүдө Максим Бакиев өз кызыкчылыгын көздөгөн. 2009-жылы түзүлгөн келишим жокко чыгарылып, Кумтөр маселеси туура чечилсе ал Кыргызстанга жана акционерлерге пайда алып келет”, - деди ал.

      Текущее время Чт Ноя 15, 2018 2:12 pm