Ала-Tоо кыргызча форуму

Урматтуу мекендештер!
Форумга катталып кана койбостон, тема ачып, ой-пикирлерди, суроолорду жана башкаларды жазып тургула!


Join the forum, it's quick and easy

Ала-Tоо кыргызча форуму

Урматтуу мекендештер!
Форумга катталып кана койбостон, тема ачып, ой-пикирлерди, суроолорду жана башкаларды жазып тургула!

Ала-Tоо кыргызча форуму

Вы хотите отреагировать на этот пост ? Создайте аккаунт всего в несколько кликов или войдите на форум.
Ала-Tоо кыргызча форуму

    Кызыктуу окуя Адам баласынын башынан откон нерсе группалашымдын макаласы

    avatar
    Жаш журналист


    Сообщения : 5
    Дата регистрации : 2014-01-25

    Кызыктуу окуя Адам баласынын башынан откон нерсе группалашымдын макаласы  Empty Кызыктуу окуя Адам баласынын башынан откон нерсе группалашымдын макаласы

    Сообщение автор Жаш журналист Ср Янв 29, 2014 2:26 am

    Кызыктуу окуя Адам баласынын башынан откон нерсе группалашымдын макаласы  I?id=320122536-14-72&n=21Турмуш  деген  адамды  ар кайсы  жактан сынайт  экен.Бирин  жашоодон,бирин  байлыктан,бийликтен ал эми  кээ  бироолорун  ден-соолуктан  сынайт.А бирок  мени  ушулардын  арасынан адам  баласынын омурун  коркуно  чыгарган же  адамды  тузакка  салган   суйуунун кучу сынады.
           
         Суйуунун  миндеген жолу  болот  жана  ар  биринин озунчо  жыргалы,кууралы,таалайы,шору,жарыгы,ору болот эмеспи.Мына  ошондой суйуунун дангыр  жолдорунан  адаштым.Жашоонун  мага  берген  сынынан  багытымдан  адашып,чар  жайыт  умутторго   байланып,суйуунун  кулу  болдум.Бул адашуудан артка кайтууга жол жок  экенин  билсем  дагы кундон-кунго  бугум  ичиме  толуп,ызам кайнап,жан  дуйном жабыркап келет.
                   Мектептеги балалык кыялдардан  алыстап, мен 10-класста  ал эми Эрке  уядан учууга канат куулоп  мектепти  бутуп  жаткан  учур  эле.Ал  учурда экообуз  кыз-жигит  катары суйлошуп  баштаганыбызга  бир аз  эле  убакыт болсо  да  бири-бирибизге  болгон  суйуу сезимдерибизди айтып,махабаттын  балын татып,ашыктык сезимдерибиз алоолонгон  от  сымал бара-бара кучоп  отурду.Ал  менин  журогумдун  торун ээлеп,турган турпаты  кан  жаныма синип,суйуу,махабат  деген  улуу  сезимди  таанытты.

           Ошентип,ал  мектепти  бутуп  жашоо  шартына  байланыштуу  Москва шаарына барып  иштеп  келмекчи  болду.Кетер куну мен  аны  менен  коштошо албай,узатуунун ачуу ызасы муунтуп,журогумду  орттоп турду.Ыйлап  жиберуудон  озумду  кармасам да,козумдон  мол-молт жаш  куюлуп  жатты.Ал  мени сооротууга  аракет  кылып, «Жибек ыйлабачы»- деп коз жашымды аарчып,кийинки  жылы  созсуз  кайтып  келип  бирге болоорубузду  айтып ишендирип  жатты.

         Эмнегедир  бул  коштошуу кайра бирге  болоорубуздан  кумон  санагандай элес  калтырып  турду.А бирок тагдыр биздин  сезимдерибизге баш  ийбейт экен да.
    Убакыт  отуп  коштошуу  мезгили  келип,эки  бетимден  суйуп,жетээри  менен созсуз  чалаарын  айтып  кете берди.  
        Мен  каникулумду  жаапжашыл жайлоодо  чон энем менен биргеликте улантып жатым.  Анын  кеткенине бир  аз  убакыт  болсо да ага  болгон  сагынычым  уламдан-улам  куч алып,отурсам оюмдан,уктасам тушумдон кетпей  койду.

         Мен ал  кезде жайдын  аптаптуу  ысык  кундорундо тоо  гулдорун  аралап,арча  жыттап,кымыз  бышып эч нерсе  оюмда жок  бир гана  жакшы  коргон адамымды  эстеп,качан  келет экен деп  жол карап,кундо  ушул  калыбымдан  жазбай аны  кутчумун.Телефондон  суйлошуп аз да болсо  анын  унун укканыма суйунуп,жарпым жазылып,сагынычым тарап калаар эле.Мына ошондой эч нерседен бей капар кундордун биринде  ата –энемдер айылдан  телефон чалып:
           
         Сага бир  жерден жуучу  келди,жакшы адамдар экен анын устуно алыскы туугандарыбыздан болуп кетет.Биз макулдугубузду бердик,3 кундон кийин келип сойкосун салып кетмей болду- деди.
    Мен «кандайча»? деп айткан бойдон эч нерсени тушунбой,нес болуп   туруп калдым.Бир убакта озумо келип  «Апа эмне учун мындай болду,кайсы куноом учун,менин жигитим бар болчу, ансыз жашай да албайм,мени башка эч ким кызыктырбайт» деп айтууга  да  батына  алган  жокмун. Анткени  ата-энемдин  созу  мен  учун  бийик  болчу.

         Бул кабар мен учун жер астын устун болуп  кеткендейдей болуп,карангы  дуйного тушуп  калган  сымал тунгуюка  тушалып  турдум.Ушул айтылган соз буткул жашоомду  тузака  салчудай  сезилип,бополоп остургон ата-энемди же  журогумдун ээсин тандай албай ара жолдо кыйналдым. «Чырр» деген телефондун унун угуп озумо келе  туштум.Карасам эле Эрке чалып  жатыптыр,аны  коруп бир журогум титиреп,кайра эч нерсени билдирбегенге аракет кылып телефонду алдым.

        Мен ага баарын  айтып берууну  ойлодум бирок,ал  менин амандыгымды сурап,сагынганын  айтып кирди.Буйруса  1 жумуда  Кыргызстанга  келерин  айтты.Мен ага  эч нерсени  айта  албай,келгенде баарын  тушундуруп  берууну  ойлодум.Эрке  Кыргызстанга  келгиче,апам айткандай эле 3 кундон  кийин  келип ,Мират аттуу  жигитке жар болорумду айтып,сойкосун  салып  кетти.  

         Мен апама айтып тушундурууго  аракет кылсам да,аларга  макул болгонун  айтып,журогумдогу суйуу  сезимдерин,жаралуу дартты сезгиси  да   келбей,биздин  суйууну  болгону  балалык  суйууго  тенеп  койду.Ал  учурдагы  менин ичимдеги  кайгыны,ой санааны,ал кандай  жигит,тааныбаган адам менен кантип жашайм,анын устуно менин журогумду  Эркенен башка эч ким багындыра  албасыны  эч ким сезген да укусу  да  келген жок.

        Кундор  отуп Эркенин  келер  куну  болду.Мен аны  чыдамсыздык  менен  кутуп,буга  чейинки  бактылуу  кундорумду,каректер  менен  суйлошуулорду,унутулгус  коз  ирмемдерди   эстеп  олтуруп,алоолонгон,жалындаган  суйуу  оту  жанып,жан  дуйномдогу  таптаза  арууланган  сезимдерим  мени  ар  ойго  салып,уйгу-туйгу ойлорум,сага  деген  сагынычтарым,кусалыктарым  коодонумо  батпай  сени  корууго   шашылдым.

         Ошол кундору  Мират да  чет  олкодон   окуусун актап келген эле.Ал да Эркемдин келер куну мени жолугууга  чакырды.Бирок,мен жандай  коргон адамыма  жолугууну  самап,Миратка бошобошумду,башка куну  жолугарыбызды  айтып,жан эркем менен кеттим.Эрке менен бирге чоп устундо отуруп алып  жаратылыштын   кооздугуна,табигаттын  таттуулугуна  суктанып   ашыктык  создорун  арнап бири-бирибизди эркелетуудон,суйуу  создорун  айтуудан  тажабай,сагынычтарыбыз таркабай ,бир  канча  таттуу  мунотторду  откордук.

         Ушундай таттуу муноттордо анын капа болуусун,кабагынын бурколушун каалабай,айтсам эле аны жоготуп алчудай айтууга  батына  албай,уйго кайра кайттым.Кундо бир оокумга  чейин  телефондо  суйлошуп отуруп,мендеги  капалыкты  байкап:
    - Сага эмне болду,бир нерсени жашырып  жатасын,айт-деди.
    -Эч нерсе  болгон жок-дейм мен.

           Кайра-кайра  сурай  берип акыры мен айтууга  мажбур  болдум.Айтканымдан кийин «Эмне,эмне дейсин?» деп оор  ушкурунуп  телефонду  очуруп  койду.Ошол боюнча ал бир топ кун  чалбады,чалсам  очук  болуп  жатты.Мен  эмнелерди  гана ойлогон жокмун ал эми мени менен суйлошпойт ко  деген ойдо болдум,бирок ал  бир кун телефон  чалып жолугуп,суйлошууго  чакырды.Эмне дейт,эртерээк  эмнеге  айткан  жоксун  дейби   же бактылуу бол деп айтабы деп ар  кайсы  ойго  чомулуп жолугууга  бардым.

          Бирок ал баарын  тушундуруп ,суйоорун,эч кимге  бербешин,канткен кундо да бирге болоорубузду айтты.Мурдагыдан да  ынак  болуп суйлошуп  журдук.Арада  Миратка да  жолуктум,чын ал сымбаттуу,билимдуу  созду орду менен суйлогон келишимдуу  жигит экен.Бирок ага такыр  журогум  жылыбай  койду,жон гана чалууларына конулсуз гана жооп берип  коюп  журдум.Ал  кайрадан  чет олкого  окууга  кетти.

           Мен 11-классты аяктап шаарга  окууга тапшырууга  даярданып  жаттым.Бул  учурда мага  Эрке  уйлонуу  сунушун  киргизди,мен каршы  болуп  уйлонууго  эрте  экенин айтып,шаарга  жол тарттым.Эрке да мени менен шаарга келди.Шаарга  келип  окууга  тапшырдым,тилеке каршы  отпой  калып,тигуучулук  менен алектенип журдум.Келечектеги  жолдошум  башка  экенин билсем да ар бир кунумду Эрке менен откоруп,аз да болсо бактылуу  коз ирмемдерге  чомулуп  журдум.

           Кээде сезимдеримди акыл менен башкарууга  аракет кылып,Миратка  конулумду бурайын десем же ал  кундо чалып суйоорун,сагынганын айтпайт болгону  кээде  чалып амандыгымды сурап,келечек,уй-було,той тууралуу  создорду  гана  суйлошлбуз.Кээде  отуруп  мумкун  анын  журогунун  тупкурундо  башка  адам  бардыр  деп  ойлоп кетем.  
                                             
           Ушундай  кундордун  биринде  «бир жигит менен ар дайым  жетелешип чогуу  журот»- деген соз келечектеги кайын журтума,Миратка  жетип ызы-чуу салды.Ата-энем,туугандарым баары «бизди уятка калтырып жатасын,бизди ата-эненди  ойло»- деген создорду айтып  урушуп  жатты.Акыры баары бир  бирге  болбойбуз деген умут  менен Эрке экообуз  баарын  унутууну  чечтик,ал  Россияга кетти.

          «Суйууну  болгон  жерден  жашыра албайсын да,жок  жерден  чыгара  албайсын.Убактылуу  ажырашуу,чын  суйуунун кусасын  кучотот,кунумдук  кызыгууну  унуткартып  коет,ал  жалынды  кучотот»-дегендей экообуз  бири-бирибизди  сагынып,ал  жеткенине бир  жума  болбой кайро  Кыргызстанга кайтып  келди.

          Муну  билген уйдогулор  кайрадан мени  жемелеп,апамдар менен урушуп калып  мен  Эркесиз жашай албаарымды  айтып,айылга да  барбай  койдум.Ата-энем алардын байлыгына,бийлигине кызыгып,менин ыйык сезимдеримди капарына да  алган  жок.

           Бир куну атам чалып апамдын  катуу  ооруп  жатканын   айтты.Аны угуп  журогум оозума  тыгылып,ошол  эле замат айылга  жонодум.Анда да Эрке оз машинасына салып  айылга алып  кетип жатты.

           Жеткичем  апамдын  амандыгын,жакшы  болуп кетуусун кудайдан  тилеп бара жатым.Айылга  жетип,апамды  корууго  шашылдым.Барсам апам оорубай  эле,сопсоо жургон  экен.Корсо мен барганда  той кунун да  белгилеп,даярдык коруп жаткан экен.

             Ошентип,тойго уч кун калганда Мират да айылга келип,мага той койногун тандашып,ошол бактылуу  кунун  кутуп жатты.Бирок менин  ошондогу  абалым соз  менен жеткирерлик  эмес  эле.Ыйлап,сыктап оюма  олумдон  башка эч нерсе келбей калды,Эрке качып кетуу  сунушун да  киргизди.Бирок ата-энемдин эл караган жузун  жер караткым келбей,аран гана жоготууларыма  макул болуп,кадам шилтеп турдум.

             25-октябрь.Зангыраган чоон ресторанда укмуштуудай той  отуп  жатты.Кудалар,урук-туугандар,достор жаркырашып,каалоо тилек айтып бийлеп  жатты.Жар-жар ыры кулагыма  жанырып, «Мират менен Жибек бактылуу  болгула!» деген каалоо-тилектер айтылган сайын ичим орттонуп,келечектен бир да бактылуу мунотторду коро албай турдум.

            Калп жылмаюу менен аран гана жугунуп жаттым.Баарынын конулу бизде,баары суктанып карагылачы кандай бири-биринерге куп жарашып, бактылуусунар деген создор айтылып,менин ичимдеги ыйды бир да адам тушунуп же байкай алган жок.Мен жалан гана Эркени ойлоп «Ал эмне болду экен,озуну бирдеме кылып албадыбы,кантти экен» деген ойлор каптап,конулум,журогум бир гана аны издеп жатты.

              Ошол куну Эрке ызасыны   чыдабай мас болуп,машинасын  катуу айдап  баратып кырсыка кабылып,оорууканага  тушуп калыптыр.Мен аны  укканда журогум оозума  тыгылып,нес болуп  калдым.Бирок анын  жарааты  женил болуп,бир нече  кундон  кийин эле кайра  чыкканын  угуп  озумо  келдим.

             Ошентип жоолукту  баса  салынып,тагдырдын жазмышына  баш  ийдим.Уйлонуу той откондон кийин эле жолдошум экообуз шаарга  келдик.Суйуусуз откон омур-таштак жерге оскон куу жыгач сымал,менин да  кундорум конулсуз,кайгы капа менен отуп жатты.Эркеге болгон  сагынычым  кучоп аны менен жашыруун телефондо,агенте  суйлошуп да турдук.Андагы  суйлошуулор кудум мурдагы  кыз-жигиттей  эле «жаным,алтыным,сассыгым,кучугум,сагындым»деген сыяктуу  создор эле.Кээде ал болду Жибек мени жалган умутторго байлаба деп мен да анны менен суйлошпой коюуну суйлошобуз,бирокбуга эркибиз жетпей, кайра эле магнит сымал биби-бирибизге тартылып,сезимдерибизди айтууну улантабыз

          Бир куну бул тууралуу  Мират билип  калып таарынышып калдык.Ошол учурда  Эрке чалып калып баарын айтып салдым.Ал Мираттын телефон номерин алып: «Жибекти капа кылба,эгер капа кылчу болсон жашаба,сен билчусун биздин бири-бирибизди суйорубузду,эгерде дагы бир жолу капа кылып,конулун оорута турган болсон менден капа болбо,анда Жибек кайрадан меники» деген сыяктуу  создоду  айтыптыр.

           Ошондон улам Мират менден бир топ жаш улуу  болгондуктанбы мага тушунуу менен мамиле кылып келет.Кайненем,Кайнатам,кайнежем,жолдошум айтор баары менин  конулумо карап жакшы  создорун айтып,мээримин  тогуп турушат.Баары бар машина,уй-жай,байлык бирок,суйуу жок.Бирок суйууну суйуудон башка нерсе менен алмаштырууга болбоору белгилуу.Кээде  отуруп ата-энеме да  нараазы  болуп  кетем ушундай мажбурлоо менен мага бакыт кушун  кармата алдыбы,жок эч качан.

         Бирок ата-эне да баласыны бактылуу  бардар уй-булодо жашоосун кааладыбы,мени ушул турмушка туш кылды,суйуусуз бактылуу жашай албашымды сезген да бакыт да куруп бере алышкан жок.
          Азыр да сагынган учурда Эрке менен баарлашып турам.Бул корунуш качанга чейин уланып,эмне менен бутоору  белгисиз.Шугур жанымда мени тушунгон жолдошум бар.Бирок журоктун бир жеринде башка жанга орун бербеген адам жашайт.Ушундан улам суйуунун кучтуу  касиетин билдим.

         А менин чындыгым-менин ага болгон арзуум  бир келип кетчу женил сезим эмес,анын  туболуктуулугу.Эртедир кечтир бул конок дуйдодон кочордо аруу болгон туптунук  махабатым озум менен кошо кетет…

      Похожие темы

      -

      Текущее время Вт Мар 19, 2024 1:25 pm