Ала-Tоо кыргызча форуму

Урматтуу мекендештер!
Форумга катталып кана койбостон, тема ачып, ой-пикирлерди, суроолорду жана башкаларды жазып тургула!
Ала-Tоо кыргызча форуму

    Кыргыздардын кыскача тарыхы

    Поделиться
    avatar
    Admin
    Admin

    Сообщения : 7
    Дата регистрации : 2013-01-23
    Откуда : Бишкек

    Кыргыздардын кыскача тарыхы

    Сообщение автор Admin в Чт Янв 24, 2013 2:23 pm

    Кыргыздар - Түндүк Азия ж-а Борбор Азиянын байыркы элдеринин бири. Кыргыз Республикасынын негизги калкы.
    Жалпы саны 4984,4 миң адам (2003-ж). Көпчүлүгү Кыргызстанда, ошондой эле Орусияда, Кытайда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Казакстанда, Ооганстанда, Түркияда, чакан топтору АКШда, Батыш өлкөлөрдө жашайт. КЫРГЫЗДАР (кыргыз) — улут, Кыргыз ССРинин негизги калкы. Орто Азиянын байыркы элдеринин бири.
    (Октябрдык революциясына чейин тарыхый адаттарда кыргыз деген ат казактарга да тиешелүү болгон).

    Жалпы саны 1700 миң адам (1975). Кыргыздар СССРде 1452 миң адам (1970), көпчүлүгү Кыргыз ССРинде (1285 миң; 1970), чакан топтору Өзбек, Тажик, Казак республикаларында жашайт. Чет мамлекеттерден КЭРде, Афганистанда бар. Түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирген кыргыз тилинде сүйлөшөт.

    Кыргыздын этногенези тууралуу маселе өтө татаал. «Кыргыз» этноними чыгыш элдеринин айрым жазма булак тарында гяньгунь, хягяс, гэгунь ж. б. транскрипция менен б. з. ч. 203—201-жылдарда, Борб. Азиядагы этностук же саясий бирикменин наамы катары байыркы түрк жазма эстеликтеринде (болжол менен 6—9-к.), Тянь-Шанда жашаган элдин наамы катары араб, перс ж. б. жазма булактарында (10—16-к.) жолугат.

    Азыркы кыргыздын 10—16-к-да Тянь-Шань аймагын мекендеген кыргыз уруулары менен тикеден тике этпогенетикалык байланышы болгондугу талаш туудурбайт, ал эми байыркы чыгыш жана түрк жазма эстеликтериндеги «кыргыз» этноними менен азыркы «кыргыз» этнониминин арасында кандайдыр бир байланыш бар же жок экени тууралуу маселе азыркыга чейин бир жаңсыл ичечиле элек.

    Кыргыздын этногенези жана кыргыздын тарыхы тууралуу айрым пикирлер Окт. революциясына чейин А. Н. Аристов, Н. Я. Бичурин, Ч. Ч. Валиханов, Г. Ф. Миллер, В. В. Радлов ж. б. тарабынан айтылган.
    Бул маселенин өзүн же айрым аспекттерин изилдөөгө белгилүү орус илимпоздору С. М. Абрамзон, В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам, көрүнүктүү сов. антропологдор В. П. Длексеев, В. В. Гинзбург, Г. Ф. Дебец, кыргыз тарыхчылары О. Караев, К. И. Петров, хакас тарыхчысы Р. Л. Кызласовдор атайын эмгекте (монография, макала) арнашкан. Бирок Кыргыздын этногенезине байланыштуу айтылган көз караштардын дээрлик баары ил. Жактан ишенимдүү негизделген ырааттуу концепцияга айлана албай, ар түрдүү гипотеза (божомол) деңгээлинде.

    Кыргыз элинин этногенезине арналган атайын сессия (1956-ж. ноябрь, Фрунзе ш.) Кыргыздар Борб. Азиядан жана О. Азиядан чыккан этностук элементтерден куралган деген тыянакка келген. Сов. илимпоздордун көпчүлүгүнүн пикири боюнча кыргыз элинин негизги уюткусу же анын составына кирген негизги бир компонент Борб. Азиядан чыккан.

    Кыргыздын алгач этностук тарыхы байыркы уруу союздары менен (гунн, динлин, сак, усун ж. б.) байланыштуу. Түрк кагандыктарынын жана көчмөн бирикмелеринин мезгилинде (6—10-к.) Кыргыздардын составына кийин кошулган уруулар Саян-Алтай, Иртыш бою, Чыгыш Тянь-Шандын түрк тилиндеги калкынын арасында калыптанган.

    Б. з. 2-миң жылдыгынын биринчи жарымында, өзгөчө монголдор О. Азия жана Казакстанга жапырып киргенден кийин түрк тилинде сүйлөгөн бул уруулардып бир бөлүгү Борб. жана Батыш Тянь-Шанга, түштүккө (Памирге) чейин жылган. Алар Жети-Суу жана Мавереннахрдын жерг. түрк уруулары, асыресе карлуктар жана уйгурлар, кийинчерээк монгол уруулары менен кошо Тянь-Шанда калыптанып жаткан кыргыз элинин негизин түзгөн. 16—17-к-да Кыргыздардын составына казак-ногой урууларынын айрым бөлүктөрү кошулган.

    16-к-дын башынан Кыргыздар Тянь-Шанда этностук составы татаал өзүнчө эл катары белгилүү. Айрым совет этнографтары "Андан кийин кыргыз эли улутка айлануу багытында өнүксө да, бирок Окт. рев-ясына чейин улут тепкичине толук көтөрүлө алган эмес" деген бүтүм чыгарышкан, бирок коңшу элдер кыргыздарды бирдиктүү улут катары эзелтеден айырмалап билишкен.

    1495-ж. жазылган «Мажму ат-таварихте» («Тарыхтар жыйнагында») ошол кезде (15-к-дын аягы) Кыргыздар оң жана сол деп бөлүнүп, оңго Ак уулдан тараган Отуз уул жана Салусбек Булгачы (к. Булгачы улусу), ал эми солго Куу уул киргени айтылат. Санжырада да Кыргыздын түпкү теги ушул үч чоң уруулук топтон башталат. Бирок «Мажму ат-таварихте» Кыргыздын 1127-ж. оңго жана солго болүнгөнү, о. эле алардын түпкү атасы Аналхак болгону, Апалхактан Ак уулга чейин 20 ата, Куу уулга чейин 23 ата откөпү тууралуу үстүртөн кабар берилет. Оң (отуз уул) адигине, муңгуш, кара багыш жана тагай деп бөлүнгөн.
    Тагайдын чоң бөлүмдөрү деп койлондон жедигер, кылжырдан бугу (ороз бакты), богорстондон солто уруусу, алардан башка кара чоро, саяк саналгап; оңго, о. эле сарыбагыш, дөөлөс, черик, азык, моңолдор, коңурат, чекир саяк ж. б. уруулар кирген (санжыра боюнча кара-чорого багыш, суумурун, келдике, баарын уруулары кошулат).

    Адигинеге анын өзү гана кирген (санжыра боюнча адигинеге жору, бөрү, баргы, карабагыш, сарттар ж. б. уруулар кошулат). Салусоек Булгачыга же ичкиликке (Ак уул) бостон, тейит, жоокесек, доолөс, кыдырша, каңды уруулары кирген (санжыра боюнча ага кесек, ават, оргу, нойгут, кыпчак, найман ж. б. уруулар кошулат).

    Солго (Куу уул) саруу, кушчу, мундуз, басыз, чоң багыш, кытай уруулары кирген (санжыра боюнча ага жетиген, төбөй уруулары кошулат).
    Санжыра боюнча Кыргыздар 40 уруудан куралган. Ошондуктан алар «кырк уруулуу эл» деп да аталган. Кыргыз элинин курамындагы этнонимдер анын эл болуп калыптанышыпа байыркы жана о. кылымдарда жашаган уруулар катышканын далилдейт. Жогоруда аталган уруулардын кай бирлери(мис, бөрү, коңурат, кушчу, кыпчак, найман ж. б.) О. Азиянын башка элдеринин да курамына кирген.

    Кыргыздын курамында ушул үч уруулук бирикмеден башка Кыргыздардын түпкү тегине кошулбаган сарт-калмак, калмак-кыргыз, чала казак сыяктуу этногр. топтор бар.
    16—18-к-да Жунгар хандыгынын Кыргызстанга жапырып киришине каршы да Кыргыздар активдүү күрөшкөн.
    1750-жж. этегинде кыргыздардын бир катар уруу башчылары цин-манжур Кытай дөөлөтү менен тең ата дипломатиялык алака түзүүгө аракеттенген.


    Кыргыз элчилери Кытай императору Цянлунга аргымак тартуулап жаткан учур. 1757-жылы Жузеппе Кастильони тарткан сүрөт.
    19-к-дын 1-жарымында Кыргыздардын Алай менен Борбордук Теңир-Тоодогу бөлүгү Кокон хандыгынын сурагында калган. Кыргыз төбөлдөрү бул хандыкты бийлөөгө ырааттуу катышкан.
    19-к-дын орто ченинде адегенде Түндүктөгу Кыргыздар, кийин Түштүктөгү Кыргыздар Россияга күч менен каратыла кошула баштаган.
    19-к-дын аягы 20-к-дын башында Кыргызстанда капит. мамилелер пайда боло баштаган.

    Россияда капитализмдин империализм баскычына өтүшү менен Кыргызстанда улуттук-бошт. кыймыл жана тап күрөшү курчуган, аз да болсо жумушчу кыймылы пайда болгон, революциячыл идеялар тарай баштаган (Кызыл-Кыя, Сүлүктү кендери ж. б.).

    Кыргыздардын Чүйгө келиши
    Борбордук Азиядагы калмактардын баскынчылык согуштарынан улам Кара-Тегин, Ысар (Гиссар), Көлөп (Куляб), Ферганага сүрүлүп кеткен кыргыздардын Ата-журтуна кайтып келиши. Кырыздардын Чүйгө келиши тууралуу алгач Б. Солтоноевдин эмгегинде (Кызыл кыргыз тарыхы) эскерилет.

    18-кылымдын орто ченинде түзүлгөн ички жана тышкы кырдаалга байланыштуу Жуңгар хандыгы саясий-экономикалык кризиске учурап, алсырай баштаган. Бул учурда кыргыздарды кайрадан бириктирүүгө шарт түзүлүп, кыргыз бийлери Маматкул бий, Каработо бий, Кошой бий ж. б. демилгеси менен 1730–40-ж. адегенде алар Кетмен-Төбө, Тогуз-Торого көчүп келген. Келгенден кийин чалгынчыларын (мис., Дорбобаш, Койкоңназар, чоң таман Кенже) жиберип, кабар алып турушкан жана чакан топтон куралган кол менен Атаке, Качыке, Эр Солтоной сыяктуу баатырлар ататнып, адегенде Талас, Чүй, анан Ысык-Көл, Иле өрөөнүндөгү калмакты сүрүп кирген.

    Элдик санжыраларда ал окуялар «он сан ойрот бузулганда», «калмакты качырганда» деп айтылып калган. Натыйжада калмактар Жуңгариянын ичин карай чегинип, Олуя-Атадан Балхаш, Илеге чейинки жерлер бошой баштаган. Ушундай абалда Улуу жүздүн кээ бир уруулары (сары уйсун, дуулат, чапырашты, чанчкылы ж. б.) Талас, Чүй жагын, Орто жүзгө караган наймандар Иле тарапты ээлеп калууга умтулса, мурун калмактар убактылуу ээлеп калган аймактарга (Ысык-Көл, Ат-Башынын чыгышы, түштүк-чыгышы) Цин империясы доомат кылган. Мында жагдайда Маматкул жардамчылары Кошой, Каработо ж. б. бийлер менен кеңешип, кыргыздарды эми Кетмен-Төбөдөн Талас, Чүй, Ат-Башы, Ысык-Көлгө көчүрүүнү сунуштайт.

    Мындай жол менен биринчиден болуп Ташкент, Түркстан тараптан Чүй суусунун төмөн жагына жыла баштаган казак урууларына бөгөт коюлган. Муну көргөн Төлө бий (дуулаттардын ичинен жаныш уругу) башында турган Улуу жүз казактары Орто жүз султаны Барактан жардам сураган. Ага макул болгон Барак султан 1750-ж. найман, кара кесек, коңурат урууларынан 4, 5 миңге жакын кол жыйнап, Төлө бийдин 500 колун кошуп, бардыгы 5 миң кол менен Кочкор-Ата мазарындагы (азыркы Казакстандагы Боролдой тоосу) кыргыздарга кол салган. Бул салгылашууда казактар жеңилүүгө дуушар болгон.

    Согуш аяктагандан кийин Эсенгул баатыр (Болот бийдин уулу, Маматкул бийдин небереси) Кебек бийди жиберип, Таластын Капкасында курултай уюштуруп, Чүйгө көчүү тууралуу маселени кайрадан көтөргөн. Жыйында Туума бий башындагы кушчу, саруулар жана Садыр баатыр жетектеген азыраак саяк (негизинен түнкатар) уруулары Талас–Олуя-Ата; Жайыл баатыр, Момокон башындагы солтонун талкан уруусу Олуя-Ата–Мерке–Кара-Балта; Кебек бий баштаган бөлөкбайлар Кара-Балта–Ысык-Ата; Качыке башындагы чекир саяктар Ысык-Ата–Кемин; Атаке менен Эсенкул башында турган сарыбагыштар Кеминден Илеге чейинки аймактан орун алуу тууралуу чечимге келишкен.

    Көптөгөн маалыматтарга караганда көчүүнү 1753–54-жылдары башташкан. Элдик санжыраларда акыркылардан болуп, 1755-жылы солтолор көчүп, Чүйгө ашып, ашуудан төмөн түшкөндө Баймырзанын (Кошой бийдин уулу) аялы эркек төрөп, «көчүбүз бай болсун» деп, баланын атын Байкөчөк; Ашуу-Төр – Ашмараны ашып, ойго түшкөндө Жамансарттын (Баймырзанын агасы) аялы Жакшылыктын толгоосу башталып, бир суунун жээгине келгенде, эркек төрөп, «эсен-аман» жетелик деп, төлгө кылып, балага Эсенаман деген ысым беришкени айтылат.

    Азыркы учурда да Ашмаранын сол куймасы («Эсенаман суусу»), ага жакын чоку (4040 м.) Эсенамандын атынан аталат. Черикчи бийге караштуу миң түтүн бугу-сарыбагыш жана миң түтүн саяк уруусу 1761-ж. Ысык-Көлдүн чыгышы, Иленин оң жээгине көчүп келген. Кыргыздардын Чүй өрөөнүн карай көчө башташы менен кыргыз-казак чек ара маселеси курчуган. Орус жана кытай жазма маалыматтарында 1763–64-ж. Абылпеиз султан 2000 кол менен Илеге жортуул уюштурса, кыргыздар жооп кылып, казактарды үч жолу чапканы айтылат. 1765-ж. жай, күз айларында Абылай султан дагы Илеге эки жолу жүрүш кылып, анын биринде кыргыздардын колуна түшүп калган.

    Кыргыздар ушундай кырдаалда Байгара, Жамбыл, Кулжа-Башы тоолору, Балхаш көлү, Иле дарыясынын баш жагын казак жана Цин империясынын аскеринен коргоп турган. 1766-, 1769-, 1773-, 1779–80-жылдары Абылай Кара-Балта, Олуя-Ата тараптан бир нече жолу жортуул жасап, акыры казактар менен тынчтык келишими түзүлгөн. Бирок казактын чанчкылы уруусунан чыккан Бердикожо баатыр кыргыздарга каршы жортуулун уланта берген.

    1785–86-ж. Эсенкул баатыр башындагы кыргыздар Балхаш көлүнө жакын (Жийде-Суунун жээги, Көкүм-Булак деген жер) анын колун талкалагандан кийин кыргыз-казак арасы тынчып калган. Ал эми Цин империясы менен кыргыздардын ортосундагы чек ара маселеси элчилик жиберүү аркылуу чечилген.

    Кыргыз-кытай чек ара маселеси (18-кылым)
    1755-ж. Цин империясы кыска мөөнөттө Жуңгар хандыгын басып алып, Чыгыш Түркстандын ичин карай тереңдеп кириши кыргыз-кытай мамилесинин жаңданышына себеп болгон. Кытайлыктар байыртадан бери кыргыздар менен чек ара тактоо маселесине өзгөчө көңүл буруп келген. Мисалы, 1763–1770-жылдары жазылган “Си юй чжиде” (“Батыш жерлердин баяны”) байыркы Бухарада (“Бу-хэ-эр”) кыргыздар турганы жана алар акырындап тегерегиндегилерди өзүнө каратып, 330 жылдан көп мурун азыркы конуштарын ээлеп алышканын, 220 жылдан мурун болсо азыркыдай түндүк-түштүк болуп, эки канатка (“То-го-со-хо-лэ”, “Кэ-эр-гэ-ци-сы”) бөлүнүшкөнү айтылат.

    Байыркы кытай хроникаларынын негизинде 1851-ж. жазылган “Шофанбэйчэнде”; “...азыркы Ташихандын (Ташкент) чеги түндүк-чыгышынан казактардын (касакэ) оң канаты; чыгышынан кыргыздар (булутэ – бурут) менен; түштүк-чыгышынан намуганга (Наманган) чектешип, Кашкардан 1300 ли (1 ли = 576 м.) алыста жайгашкан. Хань династиясынын тушунда бул жер Даюань жана Кангюйдун чек арасы болгон. Тан династиясынын тушунда Ши мамлекети деп аталып, азыркыдай эле кол салуулар, талап-тоноолор жүрүп турган. Ошол өзөндүн батыш жак башында Далосы (Талас) деп аталган шаар” болгон.

    1758-ж. жазга карай Цинь өкмөтү Кашкарга каршы жүрүшкө даярданып, өз аскеринин коопсуздугун камсыздандыруу үчүн биринчи кезекте түндүктөгү кошунасы – Маматкул бий башында турган кыргыздар менен расмий мамиле түзүүнү чечкен. 1758-ж. жайында аскер кызматындагы (шивэй) Толуньтай, Урдень баштаган элчилер Санташты ашып, Ысык-Көл, андан Жумгал, Талас, Тогуз-Торого келип, кыргыз бийлерине жолуккан. “Пиндин чжуньгээр фанлюе” (“Жуңгарияны багындыруунун баяны”) боюнча 1758-жылдын 7-айында Таласка – Майтак (Майтык) бийдин баласы Эшботонукуна келип, Таласта 4 миң түтүн эли менен Маматкул жана анын жардамчылары Каработо (кытай уруусунун бийи), Майтык, Акбото; Туюй Хуярда /? Туюк жар/ сарыбагыштардын бийи Болот (Маматкул бийдин уулу) 2 миң түтүн эли менен турганын белгилешкен.

    Ошол эле айдын 18инде Урдень Тогуз-Тородогу, сарыбагыштардын бийи Черикчи (Маматкул бийдин небереси) менен жолугуп, кийинки күнү императордун жарлыгын жарыялаган. Императордун баш ийүүгө чакырган жарлыгы менен таанышкандан кийин, Черикчи бий сылык түрдө: “акысына мурунку конуштарын кайрып берүүнү” суранган. Кытай элчилери: “конушуңар тар болсо, өзүңөр билип, көчүп жөнөбөй, Улуу императорго кайрылуу" керектигин эскерткен.

    Натыйжада Черикчи башында турган кыргыздын 8 элчиси [чекир саяктан Түлкү Айт уулу, солтодон Нышаа Кудайменде уулу, түнкатар саяктан Шербек Жакшыбай уулу (Маматкул бийдин күйөө баласы), саруу уруусунан Акбайдын уулу Бореке менен Айдар-бектин иниси Ноци жана Шүкүр болуп, бир элчинин аты азырынча тактала элек] Кетмен-Төбө – Тогуз-Тородон 1758-ж. 9-июлда чыгып, октябрь, ноябрь айларында Пекинде болушкан. Алардын башкы милдети кыргыз-кытай чек ара маселесин чечүү болгон.

    Бул маселени Цинь императору да өтө маанилүү деп эсептеген. Кыргыз элчилерин кабыл алуу салтанаты алгач 1758-ж. 4-октябрда азыркы Кытай Республикасынын Кыбий провинциясындагы Муланвийчаң деген жерде өткөн. Бул жолугушуунун урматына император мындан кийин ал жерге “Йижиңгу” (“Кездешкен”, же “Кошулган жер” деген мааниде) деген ат берип, италиялык сүрөтчүгө кыргыз элчилеринин сүрөтүн тарттырган. Он күндөн кийин аларды император кайрадан Чынды шаарындагы "Ысык дарыя" деген жайкы резиденциясында, ошол эле 1758-ж. ноябрь айында жаныдан курулуп бүткөн императордун сарайы Тайхедянда кабыл алган.

    10-айда кыргыздын элчилери менен Нанван деген салтанат өтө турган чоң сарайда жолуккан. Цин Фу билдиргендей; "Буруттардын элчиси Черикчи шериктери менен кабыл алуу жөрөлгөсүн аткарып, 2-айдын (1759-ж.) 4-күнү Баркулдан чыгып, элине кайтып кеткен". Император ж. б. мамлекеттик чиновниктерге жолукканда кыргыз элчилери Илеге чейинки жерлер, а. и. Ысык-Көл илгертен бери өз конушу болгону тууралуу көрсөтмө берген.

    Кыргыз элчилери кайткандан кийин император Иле дарыясынын жээгиндеги жайыт, конуштары начар жерлерди караштырып, «балким» кыргыздарга берсе боло тургандыгын эскертип, Иле провинциясынын башчысына кат жөнөткөн. Кыргыз элчилеринин бул маалыматы ж. б. чалгындоо, билдирүү, көрсөтмөлөрдүн негизинде 1763–70-ж. Цин өкмөтү тарабынан «Батыш жерлердин баяны» («Сиюй Чжи») деген эмгек жарык көргөн.

    Ал боюнча кыргыз-кытай чек арасы Кашкардан 110 ли түндүк-чыгыштагы Аэргуй, түндүктө 20 ли Илиньмухэкэцин, батышында 100 ли Юйсыту Аэртуш ж. б. бекеттер менен чектелген. 18-кылымдын аягына тиешелүү «Циньдин синьцзян шилюенин» («Жогортон бекитилген Синьцзяндын географиялык жана тарыхый баяны») «буруттар» деген бөлүмүндө солто уруусу Кашкар шаарынын батышындагы «Упалат» аскер бекетине жакын жерлерде көчүп-конуп жүргөнү, «саяк уруусу чекир саяктар менен бирге Тушукташ кароолунан ары, казактардын жерине чейин» жана «сарыбагыш уруулары кээде бугу» деп аталып, алар «Иленин түштүк-батышындагы чек арадагы аскер бекети Эргоджулдун сырты, Тэмурту нор /Ысык-Көл/ көлүнүн түштүк жээгинде турганы» көрсөтүлөт.

    Жазма маалыматта 1761-ж. Иле тарапта кыргыздардын беш уруусу, а. и. Черикчи башында турган 1000 түтүн сарыбагыш, ошондой эле уруу башчысы эскертилбеген саяктар (алар да 1000 түтүн) турган. Бул маалыматтарды колдонгон Н. Аристов бул эки уруу калмактар келгенге чейин эле Кеген–Каркыра, Темуртуда (Иленин сол жээгиндеги Темирлик суусу болушу мүмкүн) туруп, калмактын кысымы менен Анжиянга качып, жуңгарлар Кытайдан жеңилгенден кийин кайра ошол эле конуштарын ээлеп калган деген жыйынтыкка келген.

    И. Андреевдин эмгегинде (Описание Средней орды киргиз-кайсаков) кыргыз-казак сыяктуу эле Иле дарыясы кыргыздар менен кытайлыктарды бөлүп турганын жана казактарга кошулуп кытай аскери бир нече жолу кыргыздарга кол салып, жабыр көрсөткөнүн белгиленген. Мындан кийинки кыргыз-кытай чек ара маселеси Кыргызстандын Россияга каратылгандан кийин Россия менен Кытайдын ортосунда Петербург келишими аркылуу бекитилген (1882).

    Кыргыздардын эмгекчилери орус пролетариаты менен бирге Коммунисттик партиянын жетекчилиги менен социалдык жана улуттук эркиндиги үчүн падышачылыкка, эзүүчүлөргө каршы чечкиндүү күрөшкөп; Россиядагы 1905—07-жылкы рев-я, Февр. рев-ясы сыяктуу ири окуялардын жүрүшүнө да катышкан жана Улуу Окт. соц. рев-ясынын жеңишин кубаныч менен тосуп алышкан. 1917-ж. ишке ашкан Улуу Октябрь социалисттик революциясы Россиядагы эзилген элдерди, алардын ичинде айрым жакыр кыргыздарды да таптык жана улуттук эзүүдөн куткарды.

    Натыйжада кыргыз эли тарыхый өнүгүштөн кечиккен элдер менен кошо ар тараптуу артта калуучулуктан кутулуу, капитализмди аттап социализмге шыдыр өтүү, коомдук-саясий өнүгүшү, экономикасы, маданияты жагынан алдыңкы злдерге теңелүү, соц. жана коммунисттик коомду курууга активдүү катышуу мумкүнчүлүгүн алды.

    Кыргыздар узак тарыхый тагдырында кайрадан өз автономиялык улуттук мамлекетинө ээ болду.
    Алар 1918—24-ж. Туркстан АССР нин составында турду. 1924-ж. 14-октябрда РСФСРдин составында Кара-Кыргыз (1925-жылдын майынан Кыргыз) АО түзүлдү, 1926-ж. февралда Кыргыз АО Кыргыз АССРине, 1936-ж. 5-декабрда Кыргыз АССРи Кыргыз ССРине айланды.

    Совет бийлигинин жылдарында социалдык жана экон. өзгөрүүлөрдүн (индустриялаштыруу, айыл чарбасын коллективдештирүү, маданий революция) натыйжасында өлкөбүздөгү боордош калктардын, эң оболу улуу орус элинин тууганча жардамы менен кыргыз эли коомдук турмуштун бардык тараптарында эбегейсиз зор ийгиликтерге жетишти; соц. жана коммунисттик коомду куруу, Гражд. жана Ата Мекендик согуштарда Ата журтту коргоо, жалпы совет элинин материалдык жана духовный байлыгын арбытуу ишине белгилүү даражада салым кошту.

    Совет этнографтары "Соц. курулуш процессинде кыргыз эли соц. улут катары калыптанып, элдердин жаңыча тарыхый жалпылыгы — совет элинин составдуу бөлүгүнө айланды" деп эсептеген менен, кыргыз улуту бир нече мамлекетке ыдыраса да (СССР, Кытай, Ооганстан, Түркия, Пакистан, ж.б.), кыргыз улуту чек араларга карабастан өзүн бирдиктүү улут катары сактай алган.

    Кытайдагы кыргыздар, маселен, Ала-Тоодогу боордошторундай эле "Манас" дастанын сактап, иликтеп келишти. Алардан бараандуу манасчы Жусуп Мамай чыкты. Франсуз этнографы Реми Дор да ооган кыргыздарынын фольклорун иликтеп, алар да кыргыздын улуттук баалуулуктарын сактаганын баяндаган.
    [оңдоо]Кыргыздардын Кесиби, үй тиричилиги, жашоо шарты

    Окт. рев-ясына чейин Кыргыздардын негизги кесиби мал чарбачылык эле. Дыйканчылык менен кол өнөрчүлүк көмөкчү орунда турган. 20-к-дын башында Кыргыздардын көбү уруу-уруу, айыл- айыл болуп көчмөн жана жарым көчмөн жашаган, чоң айылдарда түтүндүн саны эки жүзгө жакындап барган. Түш. Кыргызстанда 19-к-да, Түн. Кыргызстанда 20-к-дын башында отурукташуунун негизиндө кыргыз кыш тактары пайда боло баштаган. Мал чарбасында кой, жылкы, уй, төө, топоз коп күтүлгөн.

    Дыйканчылыкта таруу, сулу, буудай, арпа, Түш. Кыргызстанда пахта, жашылча айдалган. Бакчачылык, аарычылык, балыкчылык, соодагерчилик кесиптерин Кыргыздар билген эмес. Капит. Мамилелердин пайда болушу менен кыргыз арасына тех. өсүмдүктөрдү (кендир, кара куурай, картошка) эгүү тарай баштаган.

    Кыргызстандын түш. райондорунда жер айдоонун үч талаалуу системасы жана которуштуруп айдоо кеңири колдонулган. Жер иштетүүдө буурсун жана мала негизги курал болгон, кийин орус келгиндеринин таасири менен темир соко, темир мала колдонула баштаган. Өндүрүш куралдарынын жөнөкөйлүгү, көчмөн турмуштун жана коомдо феод.-патриархалдык мамилелердин өкүм сүрүшү а. чыгармаларынын өнүгүшүнө кедерги болгон. Кедей Кыргыздар түштүктө мардикерлик, чайрикерлик, түндүктө малайлык кылган.

    Кыргыздардын негизги турак жайы боз уй болгон. Кыргыздар жайында жайлоого чыгып, кышында жакага түшүп, кыштоодо кыштаган.
    Кыргыздардын кийими негизинен жүндөн жана териден жасалган (к. Баш кийим, Кийим). Кыргыздардын тамак-ашы көбүнчө актан, эттен жана аштыктан турган.

    Эски кыргыз коомун соц. Негиздө кайра куруунун жүрүшүндө жана Кыргыздардын өнүккөн индустриялуу-агрардык респ-кага айлануу процессинде Кыргыздардын кесип-өнөрү, социалдык структурасы, жашоо шарты, тиричилиги түп тамырынан бери өзгөрдү. Отуруктуу турмушка өтүшү жана соц. коллективдүү чарбаларга биригиши Кыргыздардын дыйканчылык кесиптерин өздөштүрүшүн, мурдагы салттуу кесиптеринин жаңыча мазмун жана форма алышын шарттады.

    Кыргыздардын арасынан жумушчу табы өсүп чыгып, 1978-ж. Кыргыз ССРинин ө. жайында иштеген жумушчулардын 30%инен ашыгыраагын түздү. Совет бийлиги тушунда кыргыздын көп түркүн улуттук интеллигенциясы калыптанды.
    Кыргыздардын турак жайында жана жашоо шартында өтө чоң өзгөрүү болду: Кыргыздар туташ отурукташты, алардын бир кыйла бөлүгү шаарда жашай баштады.

    Кыштактарда Кыргыздар жашаган үйлөр (тамдар) да жаңырды, алар айрыкча ички жасалгасы боюнча шаардагы үйлөрдөн айырмаланбай бара жатат. Бирок Кыргыздардын турак жайында жана жашоо ыңгайында геогр. чөйрөгө, о. элө этногр. факторлорго байланышкан кээ бир улуттук өзгөчөлүктөр сакталууда. Түш. Кыргызстандагы кыргыз кыштактарында өзбек менен тажиктердин үй курулушундагы кээ бир өзгөчөлүктөр бар, ал эми Түн. Кыргызстандын кыргыз кыштактары орус жана украин кыштактарынын тибинде түшкөн. Жалпы Кыргыздар. жашаган үйлөрдүн ички жасалгасында боз үйгө таандык кээ бир элементтер да бар. Кыргыздын азыркы үйлөрү көп бөлмөлүү жана салынышы жагынан ар түрдүү.

    Кыргыз кыштактары негизинен пландуу салынган, аларда мектеп, клуб, китепкана, үй тиричилик комбинаты, байланыш бөлүмү, почта ж. б. бар. Мурунку Кыргыздар урунган эмеректер азыр өндүрүштө жасалган көрктүү жыгач буюмдары менен алмашылууда. Айыл- кыштактын үй тиричилигине электр жарыгы, радио, телевизор, телефон, газ кирди. Кыргызстанда азыркы учурда шаарда жана кыштакта жашаган Кыргыздардын кийиминде анча деле айырма жок, көпчүлүгү европалыктарча кийинет, улуттук кийим көбүнчө айылда учурайт. Улуттук кийимдин кээ бир элементтери азыркы замандын кийимдерин жасоодо да пайдаланылып жатат. Кыргыздардын улуттук тамак-ашында да өзгөрүүлөр болду.

    Шаар-кыштакка Европа, Кавказ, канатташ . Азия элдеринин тамактары жайылды, кыргыздын баштатан келе жаткан тамак-ашына да азыркы заманга ылайык жаңы белгилер кошулду. Соц. коомдун курулуш жана өнүгүш процессинде Кыргыздардын салт-санаасында, адеп-ахлагында, улуттук кулк-мүнөзүндө да чоң жылыштар болду. Элдик салттардын нускалуулары жаңы замандын шартына ылайык өзгөрдү, динге байланышпаган жаңы расмилер жаралды, боордош элдердин нускалуу жөрөлгөлөрү кабыл алынды. Өөрчүгөн улуттук аң-сезим, социализм ишинө берилгендик, коллективизм, жалпы сов. патриотизм, интернационализм кыргыз элинин негизги адептик сапаттарына айланды.

    Кыргыздардын Дини
    Кыргыздар сунниттик ислам динин кармашат. Кыргыздарга ислам дини таралганга чейин жер-сууга, теңирге, отко, арбакка сыйынышкан (к. Шаманизм, Анимизм). Ислам дини тарагандан кийин деле мурунку диний ишенимдердин жана ырым-жырымдардын калдыктары сакталып калган.
    1991-жылы эгемендуулук алгандан кийин, кыргыз элинин диний ишениминин кайра жаралу процесси башталып, акыркы жылдары уламдан улам күч алууда. Азырку убакта кыргыздардын көпчүлүгү сунниттик ислам динин кармашат.
    Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районунда кыргыздардын бир нече миңдеген этникалык топтору жашашат. Алардын бир бөлүгү исламды, бир бөлүгү тибет-монгол формасындагы буддизмди карманышат.

    Кыргыз Маданияты
    Кыргыз журналист-блогчу айымдары Асылкан Шайназарова менен Айшат Ботобекова. Бишкек ш. 10.11.2012. ТЧ.
    Тарыхый өнүгүшүндө Кыргыздар канатташ элдердин маданияты менен байланыштуу, бирок айкын оригиналдуулугу бар мад-тка ээ болгон.
    Жазуунун жана басма сөздүн жоктугунан улам кыргыз эли духовный туундуларын оозеки түрдө жараткан. Ошол себептен кыргыз эли оозеки чыгармаларга өтө бай. Кыргыз фольклорунда эпос («Манас», «Курманбек», «Эр Табылды», «Кедейкан», «Олжобай менен Кишимжан» ж. б.) үстөмдүк кылган; о. эле жөө жомоктор, макал-ылакаптар, каада-салт, диний, санат-насыят, лирикалык ж. б. ырлар күчтүү өөрчүгөн.

    Кыргызда ырчылык (төкмөлүк) өнөр бийик даражага жеткен. Көп ырчылар профессионал абалында ыр чыгарышкан. Кыргыздардын элдик аспаптары — комуз, чоор, кыл кыяк, ооз комуз, сыбызгы, сурнай ж. б. Кыргыздардын иск-восу негизинен жасалга-колдонмо мүнөздө болгон. Андагы чеберчилиги жыгач, темир. сөөк, ташты коркөм иштетүүсүнөн. буюм тигүүсүнөн, согуусунан айкын көрүнөт. Улуттук оймо-чийме геометриялык мотивдерден куралат.

    Кыргызстандын түш. райондорунда карапа буюмдарын жасоо өнүгө баштаган. Окт. рев-ясынан кийин Кыргыздар улуттук жазууга жана басма сөзгө ээ болуп, улуттук мад-тын өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк алды, ал эми маданий революциясынын натыйжасында туташ сабаттуу, өөрчүгөн илим-билимдүү жана мад-ттуу элге айланды; республикада 1618 сегиз жылдык жана орто мектеп (1975—76), 9 жог. окуу жайы, 33 орто окуу жайы бар.

    Калкынын 10 миң адамынын окуучулары боюнча Кыргыз ССРи Япония, Франция, Италия. Турция, Иран ж. б. өлкөлөрдөн озуп кетти. Респ-када Кыргыз ССР ИА башында турган көптөгөн ил.-из. институттар жана мекемелер бар. Респ-када көп сандаган газета, журналдар чыгарылат (к. Васма сөз). Совет бийлигинин тушунда кыргыздын профессионал искусствосу жана адаттары жаралып, калыпка салынды. Кыргыз жазуучуларынын, сүротчүлөрүнүн, скульпторлорунун, композиторлорунун, опера, балет, кино өнөрлөрүнүн улуттук өкүлдөрүнүн мыкты чыгармалары жалпы союздук жана дүйнө аренага чыгып, өлкөбүздөгү эң чоң сыйлыктарга арзыды жана чет элдик байгелерди жеңип алды.

    Түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирген кыргыз тилинде сүйлөшөт.
    "Кыргыз" этноними чыгыш элдеринин айрым жазма булактарында гяньгунь, хягяс, гэгунь жана башка транскрипция менен биздин заманга чейин 203-201 жылдарда, Борбордук Азиядагы этностук жана саясый бирикменин наамы катары байыркы түрк жазма эстеликтеринде (болжол менен 6-9 кк.), Тяншанда жашаган элдин наамы катары араб, перс жана башка жазма булактарында (10-16 кк.) жолугат. ky.wikipedia.org

      Текущее время Сб Июл 21, 2018 1:03 am