Ала-Tоо кыргызча форуму

Урматтуу мекендештер!
Форумга катталып кана койбостон, тема ачып, ой-пикирлерди, суроолорду жана башкаларды жазып тургула!


Join the forum, it's quick and easy

Ала-Tоо кыргызча форуму

Урматтуу мекендештер!
Форумга катталып кана койбостон, тема ачып, ой-пикирлерди, суроолорду жана башкаларды жазып тургула!

Ала-Tоо кыргызча форуму

Вы хотите отреагировать на этот пост ? Создайте аккаунт всего в несколько кликов или войдите на форум.
Ала-Tоо кыргызча форуму

    МЫРЗАКМАТОВ ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗАСЫН ЧИЛДЕДЕН КИЙИН ЧЫГАРМАЙ БОЛДУ

    avatar
    Жаш журналист


    Сообщения : 5
    Дата регистрации : 2014-01-25

    МЫРЗАКМАТОВ ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗАСЫН ЧИЛДЕДЕН КИЙИН ЧЫГАРМАЙ БОЛДУ Empty МЫРЗАКМАТОВ ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗАСЫН ЧИЛДЕДЕН КИЙИН ЧЫГАРМАЙ БОЛДУ

    Сообщение автор Жаш журналист Сб Янв 25, 2014 2:51 am



    15-январь күнү Бишкек жана Ош шаарларынын башчыларын шайлоо болуп өттү. Көпчүлүктүн колдоосу менен жалгыз талапкер болуп чыккан Кубанычбек Кулматов борбор калаа Бишкектин башчысы, Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэри болуп шайланды. Ал эми Оштун «кожоюну» Мелис Мырзакматов жеңилүү ызасын тартып, чилде чыгары менен чоң күрөшкө аттанарын жар салды.

    КУЛМАТОВ ЭМНЕ ДЕП УБАДА БЕРДИ?
    Шаардык кеңештеги КСДП фракциясынан көрсөтүлүп, Бишкектин жаңы мэри болуп шайланган Кубанычбек Кулматов жакынкы айлардын ичинде шаар ичиндеги жол кыймылын тартипке келтирүү, таштанды жана жарык берүү маселелери менен алек болорун айтты. Мыйзамсыз курулуштар жана жер тилкелерин сатуу боюнча: «Мэриянын саясаты катаал болот. Мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлүшү керек. Жер тилкелерин сатууга каршымын. Салык жана бизнес үчүн эң жакшысы бул – ижарага берүү»,- деди К.Кулматов.
    Шайлоо процессине келсек, 45 депутаттан турган Бишкек шаардык кеңешине 15-январь күнү 43 эл өкүлү келди. Кулматовго мыйзамга ылайык мэр болуу үчүн 23 добуш деле жетмек, бирок аны 43 депутаттын 41и колдоп берди. 2 бюллетень жараксыз болуп калды. Экс-мэр Иса Өмүркуловду кызматтан түшүрүү үчүн көп убара чеккен оппозициялык «Республика» фракциясынын өкүлдөрүнүн маанайы да көтөрүңкү болуп турду. Атүгүл анын лидери Мирлан Жээнчороев жыйын учурунда ыр да окуп жиберди. Шаардык кеңештин «ата мекенчи» депутаты Союзбек Салиев айткандай, добуштар карыз иретинде берилди көрүнөт, ишеничти актаар деген үмүттө.
    Кубанычбек Кулматов 51 жашта. Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ленинград мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүн аяктаган. 2004-жылга чейин ишкердик менен алектенген. Бажы кызматында он жылга чукул эмгектенип, анын төрагалыгына чейин өсүп жеткен. Бишкектин мэри болуп шайланганга чейин өкмөттүн Чүй облусу боюнча өкүлү болуп турган.

    МЫРЗАКМАТОВДУ ДЕПУТАТТАРЫ «САТЫП КЕТИШТИ»
    Бишкек мэрин шайлоого караганда Ош шаар башчысына добуш берүү процесси коомчулуктун көңүл чордонунда болду. «Замандаш» фракциясынан көрсөтүлгөн Айтмамат Кадырбаев шаардык кеңештин 25 депутатынын колдоосу менен мэр болуп шайланды. Белгилей кетчү жагдай, Мелис Мырзакматов түптөгөн «Улуттар биримдиги» партиясынын шаардык кеңеште 21 депутаты бар. Мырзакматов 19 добуш алды. Бир бюллетень жараксыз болуп табылып, ал эми калгандары Мырзакматовду эмес, Кадырбаевди тандап кетишти.
    Добуштар саналып бүткөндө, таң эртеден Ош шаардык аянтына чогулган Мырзакматовдун жоон топ тарапташтары кыйкырык-сүрөөн башташты. «Жаңы шайланган мэр, шаардык кеңештин депутаттары аянтка чыксын! Эгерде биздин талап аткарылбаса, анда Мелис Мырзакматовду элдик мэр кылып шайлайбыз» деп жатышты митингчилер. Шаардык администрациянын имаратына бастырып кирүүгө аракет жасалып, каршылык көрсөткөн милиция кызматкерлерине таш ыргытылды. Добуштар белгилүү болору менен сырттагы чогулган элдин алдына чыккан Мырзакматов: «Шайлоо бүттү, биз жеңилдик, бирок эл жеңилбейт»,- деди. Экс-мэр тарапташтарын бул күнү мыйзамсыз иштерге барбоого үндөп, «Мени «Улуттар биримдигинин» кээ бир депутаттары «сатып кетишти». Азыр чагымчылдыкка алдырбай, үйүңөргө тарап кеткиле. Ташиев менен Келдибековдун кейпин кийип калбайын. 15 күндөн кийин чилде чыгат, мына ошондо чоң күрөшкө аттанабыз. Жазда жаңы толкун, жаңы күч менен келели, баары жай-жайына коюлат»,- деди.
    16-январь күнү Ош мэриясынын 3 вице-мэри, мэриялык аппараттын жетекчиси, муниципалитеттин 4 бөлүм башчысы жана басма сөз кызматынын бардык кызматкерлери иштен кетүү тууралуу арыздарын жазышкандыгы белгилүү болду.
    Ош шаарына жаңыдан мэр болуп шайланган Айтмамат Кадырбаев 48 жашта. Кара-Суу районунда туулган. Кесиби боюнча экономист. Ош облусунун губернаторунун орун басары, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

    Мадумаров:«МЫРЗАКМАТОВГО ОКШОГОНДОРДОН КУТУЛУУ КЕРЕК»
    Шайлоого эки күн калганда, 13-январда интернетте Мелис Мырзакматов тууралуу видеотасма пайда болду. Алгач бул баян макала иретинде гезиттерге жарыяланган эле. Анда экс-мэрдин басып өткөн жолу чагылдырылган.
    Ушул эле күнү Коомдук телеканалдын «Жаңылыктар» берүүсү аркылуу белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров сүйлөдү. Ал учурда Түрк тилдүү мамлекеттер шериктештигинин кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп эмгектенүүдө. «Биз жергиликтүү деңгээлде ой жүгүрткөн регионалисттерден кутулушубуз керек. Мен интернеттен Мелис Мырзакматовдун «Ош – менин шаарым» деп жатканын көрдүм. Мындай жоруктарга катаал формада тыюу салуу зарыл. Ар бир облус же шаар башчысы өзүн «кожоюнмун» деп атай берсе, анда өлкө ыдырап кетүү коркунучунда калат. Регионалисттер – мамлекеттин башкы душмандары. Бийликтин вертикалын күчөтүү кажет. Бишкекте кабыл алынган чечимдер айыл өкмөткө дейре так жетип, түрдүү деңгээлдеги жетекчилердин партиялык тиешелүүлүгүнө карабастан толук аткарылышы шарт»,- деди А.Мадумаров.

      Текущее время Ср Май 08, 2024 7:26 am