Ала-Tоо кыргызча форуму

Урматтуу мекендештер!
Форумга катталып кана койбостон, тема ачып, ой-пикирлерди, суроолорду жана башкаларды жазып тургула!


Join the forum, it's quick and easy

Ала-Tоо кыргызча форуму

Урматтуу мекендештер!
Форумга катталып кана койбостон, тема ачып, ой-пикирлерди, суроолорду жана башкаларды жазып тургула!

Ала-Tоо кыргызча форуму

Вы хотите отреагировать на этот пост ? Создайте аккаунт всего в несколько кликов или войдите на форум.
Ала-Tоо кыргызча форуму

    КЫЗГАНЫЧТАН УЛАМ КЕЛИНЧЕГИНЕ 8 ЖОЛУ БЫЧАК САЙГАН

    avatar
    Жаш журналист


    Сообщения : 5
    Дата регистрации : 2014-01-25

    КЫЗГАНЫЧТАН УЛАМ КЕЛИНЧЕГИНЕ 8 ЖОЛУ БЫЧАК САЙГАН Empty КЫЗГАНЫЧТАН УЛАМ КЕЛИНЧЕГИНЕ 8 ЖОЛУ БЫЧАК САЙГАН

    Сообщение автор Жаш журналист Сб Янв 25, 2014 2:37 am

    КЫЗГАНЫЧТАН УЛАМ КЕЛИНЧЕГИНЕ 8 ЖОЛУ БЫЧАК САЙГАН





    Узап кеткен жылдын аягында 22 жаштагы Кенжебек Турганбаев аттуу жигит «агенттен жигиттер менен сүйлөшөсүң» деп келинчегин ооруканадан бычактап салган. Келинге 8 жолу бычак сайылып, ага дарыгерлер оор операция жасап, өмүрүн сактап калышкан. Окуянын каармандары төмөнкүдөй айтып беришти.

    Жабырлануучу АКИМ КЫЗЫ УРКУЯ окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
    «САБАП, ИДИШТЕРДИН СЫНЫКТАРЫ МЕНЕН КОЛДОРУМДУ КЕСКИЛЕДИ»
    – 12-декабрь күнү Кенжебек «досум Орусияга кетип жатат, мен аны сыйлап узатышым керек» деди. «Үйдө аз эле акча бар. Жашап турганыбызга жетиши керек. Жакшы сөздөрүң менен деле узатып койсоң болот да» деп түшүндүрдүм. «Сен эмне эле менин досторума ушинте бересиң?» деп мени сабап, идиштерди талкалап, алардын сыныктары менен колдорумду кескилеп салды. Бети-башым шишип, кыйналып түнү менен уктай албай чыктым. Таң атканда ооруканага барайын десем, «эч жакка барбайсың, сен аларга даттанасың» деп үйгө камап койду. Аябай кыйналганда «эч кимге даттанбайм, жыгылып түштүм деп айтам» деп көндүрүп, облустук ооруканага бардык. УЗИге түшсөм, «мээ чайкалган» дешти. Бир медайымга чындыкты айтып, жездемди чакырттым. Ал келгенде Кенжебек качып кетти.
    Дарыланганы шаардык ооруканага жаттым. 21-декабрда түшкү тамакты ичип, оорукананын ашканасына кирип идишимди жууп чыгып келе жаткам. Качан келгенин билбейм, жолдошум желкемден кармап кайра ашканага алып кирди да, «сен башка бирөө менен жашайм деп ойлоп жатасыңбы? Азыр менде бычак бар» дегенин гана билем. Эсимди жоготуп коюптурмун.

    «КОРКУП ЭЧ КИМГЕ АЙТА АЛЧУ ЭМЕСМИН»
    – 2013-жылы январда жолдошум мени ала качып алган. Жашаганыбызга бир жыл боло электе эле бир топ чырдашып, ал мени сабап жүрдү. Ажырашып, Москвага кетип калсам, артымдан барып алды. Ал жакта да уруп жүрдү. Кайра Кыргызстанга качып келдим. 2013-жылдын октябрь айында сабактан чыгып келе жатсам машинага күчтөп салып, «мени менен жашайм десең тирүү калтырам, болбосо үй-бүлөңдү кошо кырып салам» деп бир күн кечке камап отурду. Айла жок макул болдум.
    Ошентип, кайрадан жарашып, 14-ноябрда тоюбузду өткөрдүк. Андан көп өтпөй досунан кызганып уруш чыгарды. Сабакка барсам да кызганып, анын айынан дагы чырдашабыз. Коркконумдан бир күнү кайнатамды чакырдым. Атам келип бир күн турду, ага да кол көтөрдү. Өзүмдүн эжемди чакырдым. «Эжеңди эмнеге чакырдың?» деп анын көзүнчө да мени токмоктоп салды. Эжем менен кайнатам милиция кызматкерлерин алып келип, «эшикти ач» десе ачпай, «үнүңдү чыгарсаң өлөсүң» деп мага бычак такап отурду. Эшикти араң ачтырып, анын үстүнөн милицияга арыз жазганбыз. Күйөөмдү алып калышкан, бирок ошол эле түнү бошотуп жиберишиптир.
    Мени «агентте бирөө менен сүйлөшөт» деп каралап жатат. Эгер башка менен мамиле түзсөм, сыр тамгамды күйөөмдөн жашырат элем да. Өзү менин дарегимден кирип алып ар кимге жаман кептерди жазат. Мен агентке кирмек турсун телефондо сүйлөшсөм, телефонумду алып жерге чаап салат. Ошентип бир канча телефонду талкалаган.

    Уркуянын эжеси ДАРИКА КОЧКОРОВА:
    «МЕН САГА СИҢДИҢДИН БАШЫН КАРМАТАМ ДЕГЕН»
    – Уркуя 6 жашка чыкканда апам каза болуп калган. Аны мен багып чоңойттум. Сиңдим күйөөсүнүн коркутканын мага да, досторуна да айта албай жүрө бериптир. Бир күнү Уркуя «үйгө кириштен коркуп жатам» деп чакырганынан барсам, Кенжебек мени көзгө илбей сөгүп, колуна бычак кармап «сен мени милицияга карматсаң, мен сага сиңдиңдин башын карматам» дейт. «Күйөөмдү, туугандарды чакырам» деп телефонумду алсам, аны колумдан жулуп алып, талкалап салды. «Кылыч деген таанышы бар, муну каматсак деле чыгарып алат» деп сиңдим безилдейт. Москвада жүргөндө базарда, подъезддерде сүйрөп жүрүп ургандарын айтпай эле коёюн.
    8 жерине бычак сайыптыр. Бычак ашказанга, уйку безге, боорго, ичегиге, өткө тийген. Операция оор болуп, 4 жарым саатка созулду. Тешилген ички органдарынын баары тигилди. Кудайга шүгүр, аман калды, бирок мурдагыдай дени сак адам эмес, жарым жан. Операция бүтүп, наркоз тарап өзүнө келе баштаганда Уркуя «мен өлгөн жокмунбу, ал мени баары бир өлтүрөт» деп ыйлады.

    Кенжебектин апасы ТОКТОКАН ТУРГАНБАЕВА:
    «ЖАРАШТЫРБАЙЛЫ ДЕСЕК, КАЙРА ЭЛЕ ТАБЫШЫП АЛЫШАТ»
    – Бир күнү уулум аябай ачууланып кирип келип, «апа, дайыма эле мени урушасыз. Келиниңиз өзү агентте балдар менен сүйлөшүп жатат» деп телефондон бир балээсин көрсөттү. Менин көзүм жетпейт, үйдө чоңураак келиним бар эле, ошол көрдү. Тилденсем, «мага 500 сом берип туруңуз, Уркуяга барам» деп булкунду. «Менде акча жок, атаң келсин, тура тур» дегениме болбой чыгып кетти. Уулумдун жарым саат аябай ачууланып, кайра өзүнө келип кала турган адаты бар эле. Келинимдин коопсуздугунан биз да чочулачубуз. «Ажыраштыралы, ажырашкандан кийин жараштырбайлы» деп Дарикага да айткам. Экөө кайра эле табышып алса, биз эмне кылалы? Балама да «кой, балам, кайын журтуңа деле сыйың калбады, ажырашып ал» дегениме көнбөдү.
    Бир күнү карап отурсам келиним эшик шыпырмак экен, балам аны үйдөн көтөрүп чыгып, шыпыргынын жанына алып келип койду. Шыпырып бүткөндө кайра көтөрүп кирип кетти. Карап туруп, «булар бири-бирин жакшы көрөт тура. Ажыраштырабыз деп туура эмес кылабыз го» деп ойлоп калдым.
    Келиним жакшы эле келин болду, жаман кеп айтпады, «балаңыз минтип жатат» деп арызданып келген эмес. Баарына экөөнүн тең турмушка даяр эмес экени себеп. Болбосо булардан өткөн бактылуу адам жоктой эле мен үчүн. Ушунча окуядан кийин да экөө ажырашарына толук ишене албайм.

    Учурда убактылуу кармоочу жайда отурган КЕНЖЕБЕК ТУРГАНБАЕВге жолугуп, анын да оюн уктук:
    «ЖӨН АДАМГА СЫР ТАМГАЛАРЫН ЭЧ КИМ БЕРБЕЙТ ДА»
    – Тоюбузга катышканы менин жакын досум атайын Москвадан келген. Ал кайра кетерде бир аз сый көрсөтүп узатайын десем, Уркуя «досторум эле дей бересиң» деп кабак-кашын бүркөдү. Ошондон улам чырдашып, уруп койдум. Эртеси ооруканага алып келдим, ал жерде турсак жездеси келип калды. Айтып салган турбайбы деп айылга кетип калдым. Бир аптадан кийин агенттен жазыштык, анда да уруша кеттик. Анын агентинин сыр тамгаларын билчүмүн, кирсем бир бала менен сүйлөшүптүр. Мурун «жазышпа балдар менен» десем унчуккан эмес. Ал баланы мен «игнор» кылгам. Кийин кирсем «игнордон» чыгарып алып дагы сүйлөшүптүр. Сыр тамгаларын берип, «алмаштырып берчи» дептир. Ал «азыр убактым жок эле, кийинчерээк өзгөртүп берейин» деп жооп жазган экен. Сыр тамганы жөн адамга бере бербейсиң да. Дагы айттым, «эмне жазышып жатасың?» десем, «ишиң болбосун» деди. Кайра-кайра айтып эскерттим, болбоду. Ошондон улам ушул иштер болуп кетти.

    Ош шаардык ИИБинин тергөөчүсү ӨМҮРБЕК МЫЙЗАМОВдон мындай жооп алдык:
    – Бул кылмыш боюнча киши өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Келиндин абалы азырынча оор болгондуктан, аны алып келип сурак кылып, күйөөсү менен беттештире албайбыз. Дарыгерлер менен байланышып жатабыз, алар качан уруксат беришсе, экөөнү беттештиребиз. Медициналык экспертизанын жыйынтыгы да чыга элек.

      Текущее время Сб Апр 27, 2024 10:58 am