Бишкек, 29-январь /Кабар/. 28-январда саат 04.30 чамасында Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук ИИБне Совет-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде массалык мушташ болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББ маалымат кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге аталган ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобу жөнөп кеткен. Алар барганда “Смарт” күзөт кызматынын кызматкери Нурлан Байнаев аны түнкү саат 03:30 чамасында “Мото” соода борборунун жанында түрк улутундагы 4 белгисиз адам сабап коюшкандыгы тууралуу арызданган. Натыйжада жабырлануучу денесине келтирилген оор жаракаттан улам №4 ооруканага жеткирилген.
Милиция кызматкерлери текшерүүнүн жүрүшүндө аталган соода жайында окуяны видео тасмага тартып алган кассетаны алышкан.
Бул кылмышка шектүү катары Түркиянын төрт жараны кармалган. Алар баары “Манас” университетинин студенттери болуп саналышат.
Учурда кылмышка шектүү студенттер убактылуу кармоо жайына камалып, КЖКнын 234-беренесинин 2-бөлүгүнө (хулиганчылык) кылмыш иши козголду.
Вт Июн 17, 2014 1:14 am автор tema
» Акча табуунун кандай жолдору бар?
Чт Мар 13, 2014 11:23 pm автор tema
» Салам достор
Чт Мар 13, 2014 3:29 pm автор Жаш журналист
» Кызыктуу окуя Адам баласынын башынан откон нерсе группалашымдын макаласы
Ср Янв 29, 2014 2:26 am автор Жаш журналист
» Суйуу туралуу
Ср Янв 29, 2014 2:12 am автор Жаш журналист
» МЫРЗАКМАТОВ ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗАСЫН ЧИЛДЕДЕН КИЙИН ЧЫГАРМАЙ БОЛДУ
Сб Янв 25, 2014 2:51 am автор Жаш журналист
» КЫЗГАНЫЧТАН УЛАМ КЕЛИНЧЕГИНЕ 8 ЖОЛУ БЫЧАК САЙГАН
Сб Янв 25, 2014 2:37 am автор Жаш журналист
» Шаарлардын сүрөттөрү
Чт Янв 09, 2014 5:13 pm автор biankg
» Виртуалдык Кыргызстан
Чт Янв 09, 2014 5:12 pm автор biankg