Ала-Tоо кыргызча форуму

Урматтуу мекендештер!
Форумга катталып кана койбостон, тема ачып, ой-пикирлерди, суроолорду жана башкаларды жазып тургула!


Join the forum, it's quick and easy

Ала-Tоо кыргызча форуму

Урматтуу мекендештер!
Форумга катталып кана койбостон, тема ачып, ой-пикирлерди, суроолорду жана башкаларды жазып тургула!

Ала-Tоо кыргызча форуму

Вы хотите отреагировать на этот пост ? Создайте аккаунт всего в несколько кликов или войдите на форум.
Ала-Tоо кыргызча форуму

    Ж. Сатыбалдиев: Милиция мыйзамсыз бизнестерге өзү коргоочу болууда

    Ulan
    Ulan


    Сообщения : 9
    Дата регистрации : 2013-01-25

    Ж. Сатыбалдиев: Милиция мыйзамсыз бизнестерге өзү коргоочу болууда Empty Ж. Сатыбалдиев: Милиция мыйзамсыз бизнестерге өзү коргоочу болууда

    Сообщение автор Ulan Вс Янв 27, 2013 5:00 am

    Кыргыз милиция бир жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарып, өкмөт башчыдан катуу жеме укту. Жантөрө Сатыбалдиев элдин милицигя ишеними төмөн экенин айтып буга милициянын өзңуң мыйзамсыз иштери себеп болуп жатканын билдирди.

    “Милиция сауналарга, сойкуларга “крыша” болуп келгенин эле көрүп, ошол үчүн ишенбейт”,- деди премьер-министр.
    Анын айтымында, катардагы полковниктер заңгыраган ак сарайларды салып алышкан, кайсы акчага бул үйлөр салынганына суроо салды Жантөрө Сатыбалдиев.

    Эки жолку революция милиция менен элдин ортосундагы ажырымды чоңойтту.
    Айрыкча эки революциядан кийин катуу кадыр-баркы түшкөн милицияны реформалоо маселеси учурда коомчулуктун көңүл чордонунда. Канткенде чынчыл, акниет, эл үчүн иштеген орган түзсө болот деген суроого атуулдук коом, өкмөт, депутаттар баш болуп жооп таппай келишет.

    Милицияны жакшыртуу үчүн алгач аны полиция кылып түзүү демилгеси көтөрүлгөн. Анын башчылыгына жарандык коомдон жетекчи шайлап, элге жакындатуу ниети бар болчу.
    Бирок “батыштагыдай тушүм алыш үчүн батыштагыдай үрөн себүү керек” дейт коомдук ишмер, мурдагы депутат Кубанычбек Исабеков. Анын айтымында, милиция кызматкерлерине материалдык, моралдык, техникалык толук шарт түзүп бергенде гана кайра алардан талап кылууга болот.

    Ал эми талдоочулар милициядагы абал жалпы кыргыз коомчулугунун күзгүсү деп белгилешет. Андыктан жалпы коом тазаланмайынча жалгыз милициядагы коррупция, жемкордук, ачкөздүк менен күрөшүү тешик чака менен суу ташыганга барабар дешет алар.

      Текущее время Пт Май 10, 2024 4:12 pm