Ала-Tоо кыргызча форуму

Урматтуу мекендештер!
Форумга катталып кана койбостон, тема ачып, ой-пикирлерди, суроолорду жана башкаларды жазып тургула!


Join the forum, it's quick and easy

Ала-Tоо кыргызча форуму

Урматтуу мекендештер!
Форумга катталып кана койбостон, тема ачып, ой-пикирлерди, суроолорду жана башкаларды жазып тургула!

Ала-Tоо кыргызча форуму

Вы хотите отреагировать на этот пост ? Создайте аккаунт всего в несколько кликов или войдите на форум.
Ала-Tоо кыргызча форуму

    Депутаттар кызматтык унаага убайым чегүүдө

    Ulan
    Ulan


    Сообщения : 9
    Дата регистрации : 2013-01-25

    Депутаттар кызматтык унаага убайым чегүүдө Empty Депутаттар кызматтык унаага убайым чегүүдө

    Сообщение автор Ulan Вс Янв 27, 2013 5:08 am

    СДПК фракциясынын депутаты Эркин Сакебаев бүгүн жөө калган депутаттардын маселесине төраганын көңүлүн бурду. Анын айтымында алтымыш депутат кызматтык унаа тийбей калганынан өз машинесин айдап жүрөт.

    Айдоочунун айлыгы менен бензиндин акчасын, албетте, мамлекет төлөйт. Эл өкүлүнүн жаны ачыганы - унааны оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымдарга каражат бөлүнбөй жатканы.

    “Акматбек Келдибеков спикер болуп турганда, кудай буюрса эмки жылы баарынар машинелүү болосуңар деди эле. Бирок эки жарым жылдан бери алтымыш депутат өз машинесин айдап жүрөт. Эми бензинге, айдоочуга акча алып атабыз, рахмат! Бирок машине деген бузулат экен, ремонт болсо кымбат болуп атат”,-деди депутат Сакебаев.

    Чыны менен 120 депутатка бирдей мамиле болбой жатканын Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков моюнга алып, маселени чечүүнү убада кылды.

    “Болгону мамлекеттик казынанын эсебинен жаңы унааларды сатып ала албайбыз”,- дейт спикер.
    Эл өкүлдөрү турак-жай, унаасыз эл көйгөйүн чече албайбы...?
    Бешинчи чакырылыштын депутаттары жаңы шайланганда кызматтык жеңилдиктерден, керек болсо айлык акыдан баш тартуу маселесин кызуу талкуулашкан эле. Бирок кызматтык унаа, турак-жайдан баш тарткан депуттар чанда гана.

    “Депутаттык жеңилдиктерден баш тартабыз деген жөн гана популизм, элдин атынан шайланып келгенден кийин, эл үчүн иштегенге шарт болуш керек,- дейт депутат Надира Нарматова. - Депутаттын айлыгы 18 миң сом. Ал эмнеге жетет. Керек болсо тамак-ашка жетпейт. Үстүңдө үйүң, алдыңда унааң болгондо гана көңүл ток болуп турса, анан элдин маселесин чечесиң да”.

    Депутаттарга кеткен чыгымдарды кыскартуу керек деген демилгелер парламенттин ичинде дагы, тышында дагы көтөрүлгөнү менен, азырынча кыскаруулар байкала элек. Депутат Мирлан Бакиров парламент бир жылда кагазга эле бир жарым миллион сом коротоорун санап чыккан.

    Ал эми бейөкмөт уюмдардын эсептөөсү боюнча парламенттин бир жылдык чыгымы 720 миллион сомду чапчыйт. Муну 120 депутатка бөлө келгенде кыргыз бюджети үчүн ар бир депутат жылына алты миллион сомго турат. Бул мурдагы чакырылыштын депутаттарына кеткен чыгымдан 12 эсе көп экенин бейөкмөт уюмдар санап чыккан.
    Назгүл Коңурбаева
    Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы

      Текущее время Пт Май 10, 2024 11:08 pm